«Алтын казык» улуттук программасынын алкагында билим берүү системасын түп-тамырынан жаңылоо максатталууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, программанын негизинде мыкты мугалимдердин 80 пайызы ноутбуктар менен камсыздалып, жогорку окуу жайлары инновациялык-технологиялык борборлорго айландырылат.
«Кечээ идея болгон ойлорду бүгүн реалдуу, натыйжалуу фактыларга айлантышыбыз керек. Бул тармакты кечиктирбестен, өз убагында толук өнүктүрүп, жаңы технологиялар менен камсыздоо маанилүү», — деди Президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров жаштарды окутууда практикага өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтуусунда, студенттер окуу мезгилинде эле убактысынын бир бөлүгүн өндүрүштө, практикада, IT-программаларды иштеп чыгууда өткөрүшү керек.
«Биз жаштарды билим аркылуу өнүктүрүшүбүз зарыл. Билим — адамдын акыл-эсин калыптандырса, спорт — эркти жана жоопкерчиликти тарбиялайт», — деп баса белгиледи Президент.


