2026-жылы мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга жогорулатылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Курултай жыйынында билдирди.
Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 000 сомду түзөт. 2026-жылдан тарта бул көрсөткүч 52 000 сомго чейин жогорулайт. Айлык акы мугалимдин эмгек стажына, квалификациясына, категориясына жана иштеген аймагына жараша аныкталат.
Шаар жергесинде жаңыдан ишке киришкен мугалимдердин айлыгы орточо 31 200 сомду түзөт. Белгилүү тажрыйбасы жана категориясы бар мугалимдер 36 800 сомдон жогору маяна алышат. Райондордо 30 жылдык эмгек стажы бар мугалимдердин айлыгы 62 800 сомдон 97 600 сомго чейин жетет. Орточо эсеп менен мугалимдердин айлыгы 50 000 сомдон ашат. Эмгек тажрыйбасы аз адистердин айлыгы азыркы 16 900 сомдон 42 500 сомго чейин көтөрүлөт. Айрым адистер 75 000 сомдун тегерегинде айлык акы алышат.
Ошондой эле маданият тармагында эмгектенген артисттердин орточо айлыгы 21 000 сомдон 39 000 сомго чейин жогорулайт.
Президент Садыр Жапаров бул чечим билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият тармагында иштеген адистердин социалдык абалын жакшыртууга, алардын эмгегин татыктуу баалоого жана коомдогу аброюн көтөрүүгө багытталганын белгиледи.


