Президент: Кыргызстан жол гана эмес, авиация тармагын да активдүү өнүктүрүүдө

0
24246

Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө жол куруу менен чектелбестен, авиация тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, ички жана сырткы аймактарды байланыштырган заманбап авиация системасын түзүү үчүн миллиарддаган ресурстар багытталууда. Максат — өлкөнүн бардык аймактарын жеткиликтүү кылуу менен катар, Кыргызстанды эл аралык аба мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетке айлантуу.

«Биз ички жана тышкы авиакаттамдарды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, аймактардын өнүгүшүнө жана туризмдин жанданышына шарт түзүп жатабыз. Европанын чечүүчү аба катмарларына чыгуу үчүн эл аралык стандарттарды толук аткарууга аракет кылып жатабыз», — деди Президент.

Садыр Жапаров Кыргызстанды авиациядагы “кара тизмеден” чыгаруу багытында системдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Бул өз кезегинде жаңы эл аралык каттамдарды ачууга, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана өлкөнүн аброюн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы авиация тармагындагы реформалар Кыргызстанды туризм боюнча авиакаттамдарды өнүктүрүүдө жаңы баскычка алып чыгарын кошумчалады. Анын айтымында, заманбап аэропорттор, коопсуз учуулар жана кеңейген маршруттар өлкөнүн туристтик потенциалын толук пайдаланууга жол ачат.

Президент белгилегендей, авиация тармагын өнүктүрүү — бул жөн гана транспорт маселеси эмес, бул экономиканы, аймактарды жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз