whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБардык жарандар өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү планына сунуш бере алат

Бардык жарандар өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү планына сунуш бере алат

Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү Иш-чаралар планын иштеп чыгуу башталды.

Мамлекеттик саясаттын чараларын пландаштырууга ар тараптуу жана ачык мамиле жасоонун маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик кызматкерлерди, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана бардык кызыкдар жарандарды аталган планды түзүүгө катышууга чакырат.

«Ал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү максаттарына жетүүнүн негизги куралы болуп калат», — деп айтылат маалыматта.

Келип түшкөн сунуштарды системалаштыруу үчүн атайын формуляр иштелип чыкты, аны тиркемеден жүктөп алсаңыз болот. Толтурулган формулярды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнөбүз: plan2030@mail.gov.kg.

Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат. Бардык кайдыгер карабаган жарандарды жалпы ишке – өлкөбүздүн гүлдөгөн жана туруктуу келечегин курууга өз салымын кошууга чакырабыз!

Формуляр кыргызча.docx

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар