Кыргызстан жасалма интеллектти (ЖИ) ишке ашыруу боюнча дүйнөлүк рейтингде 147 өлкөнүн ичинен 117-орунду ээледи. Бул тууралуу Microsoft компаниясынын Жасалма интеллект экономикасы институту даярдаган отчетто айтылат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата Кыргызстанда жасалма интеллектти кабыл алуу көрсөткүчү 8,2 пайызды түзгөн. Изилдөөдө ар кандай операциялык системаларда жана түзмөктөрдө активдүү жасалма интеллект колдонуучуларынын үлүшү эске алынган.
Рейтингде Бириккен Араб Эмираттары, Сингапур жана Норвегия алдыңкы орундарды ээлеп, бул өлкөлөрдө жасалма интеллектти колдонуу деңгээли 45,3 пайыздан 64 пайызга чейин жеткен.
Ал эми дүйнөлүк тизмени Тажикстан, Түркмөнстан жана Камбоджа жыйынтыктап, алар 145–147-орундарга жайгашкан.
Адистердин пикиринде, Кыргызстанда санариптештирүүнү жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана инновациялык долбоорлорду колдоо зарыл.

