Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 21-декабрда Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында баяндама жасады.
Буга чейин Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчылары тар курамдагы жолугушуу өткөрүштү. Ага Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышты.
Андан соң кеңейтилген форматтагы жыйын өтүп, ага байкоочу өлкө катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Индонезиянын соода министри Буди Сантосо, ошондой эле видео байланыш аркылуу Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес катышты.
Жыйында ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери каралып, интеграцияны мындан ары тереңдетүүнүн багыттары аныкталды.
Садыр Жапаров өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Бирлик биргелешкен аракеттердин аркасында 2025-жылды туруктуу жана уюшкандыкта өткөргөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул жыл Бирликке мүчө өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү окуяларга бай болуп, экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, ички рынокту чыңдоого жана кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жетишилди.
«Биздин Бирликтин алкагындагы экономикалык кызматташтык жөн гана өнүгүп жаткан жок, ал күч алып жатат. Өз ара соода жүгүртүү дээрлик 100 млрд АКШ долларына жетти. Бул — ишенимдин, өз ара колдоонун жана өлкөлөрүбүздүн бири-бирине болгон чыныгы кызыгуусунун көрсөткүчү», — деди Президент. Ошол эле учурда ал өз ара соодада толук ишке ашырыла элек чоң потенциал бар экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы жалпы соода жүгүртүүдөгү өз ара сооданын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгына токтолду. Ал тоскоолдуктар менен чыгымдар канчалык аз болсо, Бирликтин туруктуулугу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончолук жогору болорун баса белгиледи.
«Мүчө мамлекеттер улуттук деңгээлде чечим кабыл алууда сооданын ачык-айкын, туруктуу жана болжолдуу шарттарын камсыз кылуу зарылдыгын толук эске алышы керек», — деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстандагы экономикалык көрсөткүчтөргө да токтолуп, өлкө быйыл оң динамиканы сактап калганын билдирди. Анын айтымында, 11 айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукт 10,2 пайызга өстү. Өсүш өнөр жайда, курулушта, тейлөө чөйрөсүндө жана айыл чарбасында катталды.
Садыр Жапаров азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугунун өз ара байланышкан негизги элементтери экенин белгилеп, агрардык азык-түлүк секторун чыңдоо, калкты коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдү колдоо, заманбап технологияларга инвестиция тартуу боюнча конкреттүү чараларды макулдашууну сунуштады.
Ошондой эле Президент ЕАЭБдин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу айтып, бул документ экономикалык өсүштү колдоого, өз ара сооданы, инфраструктураны жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
«Биз өнөктөштүк географиясын кеңейтүү жана эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү багытын ырааттуу колдойбуз. Бул макулдашуулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу куралы болуп саналат», — деди Мамлекет башчысы. Ал ошондой эле Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Иран жана Индонезия менен түзүлгөн макулдашуулар ачкан мүмкүнчүлүктөрдөн Бирликтин бизнеси толук пайдаланарына ишеним билдирди.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан Өзбекстан менен соода тармагында маалымат алмашуу боюнча келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын колдой турганын белгилеп, бул кадам өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, соода жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатууга жана бажы кызматтарынын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө шарт түзөрүн айтты.
Президент Кыргызстан евразиялык интеграцияга берилгендигин ырастады жана Бирликтин ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча конструктивдүү, натыйжалуу иштөөгө даяр экенин билдирди.


