Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Кислоталуу булуттар" Борбор Азияга таркалбайт

«Кислоталуу булуттар» Борбор Азияга таркалбайт

Өзбекстан Республикасынын гидрометеорология боюнча улуттук агенттиги (Узгидромет) социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда тараган Ирандын үстүндө «кислоталуу булуттар» пайда болуп, алар жаан-чачын менен кошо Борбор Азия өлкөлөрүнө жетиши мүмкүн деген маалыматтарды расмий түрдө төгүндөдү.

Ведомствонун билдирүүсүндө мындай маалыматтар илимий негизге ээ эмес экени айтылат.

Бул божомолдор 7-мартта Израиль тарабынан Ирандын Шахран мунай сактагычына жасалган соккудан кийин тарай баштаган. Өрттөн улам асманды кара түтүн каптап, Тегеран шаарында мунайдын күйүү продуктуларына байланыштуу кара түстөгү жаан жааганы кабарланган.

Узгидрометтин адистеринин түшүндүрмөсүнө ылайык, кислоталуу жаан-чачын атмосферада күкүрттүн (SO₂) жана азоттун (NO₂) оксиддери топтолуп, алар суу буусу менен химиялык реакцияга кирген учурда пайда болот. Мындай көрүнүш негизинен өнөр жайы өнүккөн аймактарда же зыяндуу заттар чыккан жерлерге жакын аймактарда кездешет.

Ошондой эле адистер аба массалары узак аралыкка жылганда булгануучу заттардын концентрациясы атмосферадагы аралашуу жана чөкмө процесстердин эсебинен кыйла азаярын белгилешти. Ошондуктан миңдеген чакырым алыстыкта кислоталуу жаандын коркунучтуу деңгээлде пайда болушу дээрлик мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, жаан-чачын көбүнчө ошол аймактагы атмосферадагы суу буусу жана аэрозолдордун негизинде түзүлөрү айтылды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн метеорологиялык байкоолор жана абанын сапатын мониторингдөө жыйынтыгы Өзбекстандын жана коңшу мамлекеттердин аймагына “кислоталуу булуттар” жетүү коркунучу жок экенин көрсөтүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар