Башкы беткеРубрикаларДен соолукБалдар онкологиясынын дарыгерлери аймактарга чыгып, текшерүүлөрдү өткөрүшөт

Балдар онкологиясынын дарыгерлери аймактарга чыгып, текшерүүлөрдү өткөрүшөт

Май айынан тарта онколог-дарыгерлер өлкөнүн бардык региондоруна барып, балдар үчүн акысыз медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Мындан тышкары онкологдор жергиликтүү педиатрлар жана дарыгерлер арасында онкологияга болгон сактыктыктын деңгээлин көтөрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүшөт.

Султан Стамбеков бул демилге балдардагы онкологиялык оорулардын эрте аныкталышын жакшыртууга жана бул жааттагы маалымдуулукту жогорулатууга багытталганын билдирди.

«Бул Кыргызстандагы ар бир бала өз убагында жардам алып, айыгууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн маанилүү кадам»,- деди ал.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар