whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды

Президент Садыр Жапаров 23-апрелде Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Маалыматка ылайык, тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды жана аймактык демилгелерди талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовдун иш сапарынын кыргыз жана түркмөн элдеринин көп кылымдык достугун чыңдоодогу маанисин, эки өлкөнүн соода кызматташтыгындагы ишенимдүү оң динамиканы баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын Россия, Венгрия, Өзбекстан жана Азербайжан менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддорун түзүү тажрыйбасына ылайык Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн тараптын бардык негизги тармактарда, анын ичинде соода, газ, энергетика, транспорт, маданият жана билим берүү тармагында кызматташууга умтулуусун жана даярдыгын билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар