whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө

Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен кеңейтилген курамдагы жолугушуусу болуп өттү. 

Анда Адылбек Касымалиев Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалганын белгиледи. Маселен, 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн доллар болгон.

“Өзгөчө, эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекет башчыларынын 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 млрд долларга жеткирүү максатын эске алып ишке ашыруубуз керек. Ошондой эле 2024-жылдын 9 айында казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына дээрлик 49 млн доллар инвестиция салган. Инвестициялык байланыштарды активдештирүү максатында өткөн жылы Инвестицияларды өз ара стимулдаштыруу жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Мунун баары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди системалуу түрдө кеңейтүү үчүн болгон потенциалды дагы бир жолу тастыктайт”, —деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Адылбек Касымалиев мындай позитивдүү көрсөткүчтү сактап туруу гана эмес, өз ара аракеттенүүнүн айрым секторлорунда иштин темпин жогорулатуу керек экенин айтып, жолугушуунун күн тартибине кирген бир катар актуалдуу маселелерди тизмектеп, аларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Олжас Бектеновдун айтымында өткөн жылдын аягында өз ара сооданын көрсөткүчтөрү кайрадан өсүп, 1,7 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда казак тарап соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттыруу үчүн олуттуу иштер жасалаарын белгиледи.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар