whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКыргызстан ЖККУнун биргелешкен машыгууларына катышууда

Кыргызстан ЖККУнун биргелешкен машыгууларына катышууда

Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын аскердик контингенттери Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ОДКБ) биргелешкен аскердик машыгууларына катышуу максатында Тажикстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14–19-октябрь аралыгында аскердик бөлүктөр ЖККУнун Тынчтык орнотуу күчтөрүнүн “Жеңилбес бир туугандык – 2025” аттуу биргелешкен машыгуусуна жана радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу менен медициналык камсыздоо боюнча атайын машыгууга “Барьер – 2025” катышуу үчүн Тажикстандын аймагына кайра топтолууда.

Контингенттер менен жүк каражаттары машыгуу өтө турган аймакка аба жана автотранспорт аркылуу жеткирилүүдө.

Окуу “Фахрабад” полигонунда өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар ОДКБнын Тынчтык орнотуу күчтөрү тарабынан тынчтык орнотуу операциясын даярдоо жана жүргүзүү боюнча тапшырмаларды иштеп чыгышат.

Мындан тышкары, алгач ирет тынчтык орнотуу машыгууларынын алкагында “Барьер – 2025” атайын окуусу өткөрүлүп, анда биологиялык коркунучтардын булактарын жоюу жана медициналык колдоону уюштуруу маселелери практикалык түрдө аткарылат.

ОДКБнын билдирүүсүндө белгиленгендей, окуу машыгынын активдүү фазалары КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары катышкан “Антитеррор кызматташтык – 2025” аттуу антитеррордук машыгуунун акыркы этабы менен бирдикте өткөрүлөт.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар