Чыгарар тыянактар кайсылар?
Эң башкысы – дале болсо оюмда калам: 2019-жылы “Кыргыз Туусуна” Болотбек Таштаналиевдин “Жоголгон муун” аттуу адабий сын серебине “Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт” деп жооп жазган элем (эки санына, 26, 29-мартта жарыяланган). Андан бери да гезитке маа-найы пас, ындыны өчкөн, үмүтү үзүлгөн макалалар жарыяланууда. Андайларга Турусбек Мадылбайдын “Бизде жазуучулар көп, бирок адабият жок”(2024-жылдын 26-ноябры), Айтбек Төлөнбаевдин “Авторлор көп – акын аз, жазгандар көп – жазуучу аз” (2025-жылдын 4-февралы) аталган макалаларын мисал иретинде көрсөтсөк болот. Экөө тең жазуучу экен, бирок чыгармаларын, китептерин көрбөдүм, окубадым! Турусбек Мадылбайдын атын уккам, бир кезде түрмө турмушун жакшы жазган дегендей кептер болгон. Чын-төгүнүн билбейм. Бирок макаласында Американы, Батышты мактап, ал жактарда жазуучуларга, адабиятка аябай кам көрүлөрүн, китеп дүкөндөрү жайнап жатканын, өзүнүн чыгармалары да англис, француз тилдерине которулуп чыкканын саймедиреп айтыптыр. Ылайым эле ошондой болсун, бирок Кыргызстанды, Жазуучулар союзун жамандабай өзү кыргызча китеп чыгарып койбойбу улутмандыгын далилдеп.
Экинчи кубанткан көрүнүш – поэзияда компартия, Ленин кыйкырыктары, прозада коммунист, парторг жасалма образдары, үгүт-насаат жок болуп, каалаган темасын эркин жазуу бар. Ошондуктан туулган айыл, Мекен, эгемендик, эне тил, табият, ата-эне, махабат, Алла-Таала, Мухаммед – негизги темалардан. Кемчилик – аң-сезимдин өзгөрүлүшүн, базар мамилелеринин оош-кыйыш жактарын, социалдык жиктелүүнүн айынан бай-кедейлерге бөлүнүшүн жемкор, паракор жетекчилер, шылуундар, ишкер, банкирлер элестери аркылуу Ч.Диккенс, О.Бальзак, Т.Драйзер сыяктуу чагылтуу, дүйнөнүн татаалдыгын жана карама-каршылыктуулугун ачуу аракеттери аз. Анын ордуна аңызга, уламышка, санжырага, кокту-колот (улут эмес) хандарына жана бийлерине кызыгуу күч. Ушундан улам үй-бүлө менен уруу өкүлдөрүнөн башка эч кимге кызык көрүнбөгөн арноолор, талпайган жана килтейген “романдар” пайда болду. Жаш жана келечектүү Данияр Исанов туура айтат: “Элге азыр башка тема, башка проза, көз караш керек” (“Кыргыз Туусу”, 2024-жылдын 6-сентябры).
Дегинкисинде чоң жана көп китептүү, сериялуу роман жазуу Батыш Ренессансындагы (XV – XVI кылымдарда) М.Сервантестин “Дон Кихотунан” жана Ф.Рабленин “Гаргантюа жана Пантагруэлинен” XX кылымдын 1-жарымына чейин мүнөздүү болгон. Францияда 1950 – 60-жылдары кыска, чакан көлөмдөгү “жаңы роман” жаралып, анын өкүлү, Нобель сыйлыгын алган Клод Симон 1986-жылы “Ысык-Көл шеринесине” катышкан. Азыркы дүйнөлүк адабиятта кеңири таанылган П.Куэльро, Х.Жебран, Х.Мураками жана башкалар ушундай стилди карманышат. Биздин жазуучулардан С.Раев менен А.Койчиевди атасак болот.
Үчүнчү көрүнүш – поэзияга шык-жөндөмү мурдада катылып келген саясатчылардын жана ишкерлердин аралашкандыгы, айталы, А.Муралиевдин орусча, К.Асановдун жана Б.Матисаковдун нукура кыргызча ыр жыйнактары. Алар кадыресе окулат, жагат.
Сынга жем болчу дагы эки терс нерсе ыр жыйнактарда жакындарын, туугандарын, тааныштарын обу жок мактоо,аларга арноолорун чөнтөк дептерине сактабай элге жарыялоо жана жугуштуу оорудай тараган илдет – сыйлык, наамдарга жуткунуу. Учурда “Кыргыз эл акыны”, “Кыргыз эл жазуучусу” деген наам алгандар (башка тармактарда деле ушундай) сансыз, эсепсиз, алардын бирин-серини болбосо калгандарын эл билбейт. Мындай адат өнүккөн өлкөлөрдө, дүйнөлүк адабиятта жок: анда акындын, жазуучунун наамы, сыйлыгы эмес аты, чыгармалары гана эсте калат эгер татыктуу, түбөлүктүү болсо. Үлгү катары кыргыз адабиятынан эки гана мисалды келтирейин. Алар Касым Тыныстановдун “Касым ырлар жыйнагы” (1925-жылы Москвада чыккан) жана Салижан Жигитовдун 1970-жылдарда басылган “Ыймандай сырым менин” деген шапалакка да батпаган китепчеси. Ушуга байланыштуу байкаганым, өкүнгөнүм – кыргыз акын-жазуучуларын, атүгүл адабиятчы, сынчыларын, башка окумуштууларын, ойчулдарын көп убактардан бери китеп дүкөндөрүнөн көрбөйм, жолуктурбайм. Антпесе алар дүйнөлүк классиканын жана азыркы адабияттын мурда орусчага которулбаган мыкты үлгүлөрүн, чет өлкөлүк жазуучулардын, адистердин адабият, анын ар турдүү уруулары, жанрлары, кандайча жазуу керектиги жөнүндөгү китептерин окуп, билимдерин жана тажрыйбасын ого бетер өнүктүрүп, өркүндөтүшмөк. Мүмкүн буга интернет же каражаттын жетишсиздиги себеп болуп жаткандыр ай, ким билет? Мен деле ашынган бай эмесмин, бирок китеп деген китеп да: андан өткөн кандай байлык бар!
Акырында дагы бир өкүнүч жана эки каалоо-тилек.
Өкүнүчүм аймактарда, элетте жашап жүрүшкөн эски тааныштарымдын китептерин таба албаганым. Алар А.Калбаев (Аксы), С.Стамбеков (Жалал-Абад), А.Эгембердиев (Каракол), Э.Үмөтов (Талас), Ө.Дөлөев (Нарын). Жалпысы – поэзиябыз эзелтен берки салтты улантып жакшы өнүгүүдө. Бирок жаштардын баары эле улуттук ыр түзүлүшүн, муун өлчөмдөрүн так биле беришпейт. Ушул кенемтени толтуруу максатында Б.Керимжанованын “Кыргыз поэзиясындагы рифма” (1963), К.Рысалиевдин “Кыргыз ыр түзүлүшү” (1967) деген китептерин кайра чыгарсак жаштарга жардам болор эле.
Экинчиси. Эгемендик жылдары акын-жазуучуларыбыз эл аралык жыйындарга эркин катышып, баарлашып, жактырган чыгармаларын кыргызчага которуп жатышат. Бул көбүнчө орус жана түрк тилдүү адабияттарга тиешелүү болууда. Өз кезегинде өздөрүнүн чыгармаларын да ошол тилдерге котортууда. Бул жакшы, бирок жетишсиз. Эл аралык, дүйнөлүк деңгээлде таанылыш үчүн англис, француз, немис, кытай, жапон, корей тилдерине которууну колго алуу кажет. Ансыз адабиятыбыз тар чөйрөдө кала берет.
ХХ кылымдын классик ойчулу жана жазуучусу, Нобель сыйлыгынан баш тарткан (ушунун өзү өрнөк эмеспи) Ж.П.Сартр “Адабият деген эмне” деген эмгегинде 3 суроо коёт: Жазуу деген эмне? Адамдар эмне себептен жазышат? Адамдар кимдер үчүн жазат? Менимче, учурдагы чыныгы кыргыз акын, жазуучу, сынчылары бул суроолордун төркүнүн жакшы билет. Ошон үчүн алар адабиятты айрымдар айткандай өлтүрбөстөн, ар кандай кыйынчылыктарга карабай өстүрүп, өркүндөтүп келе жатышат. Бар бол, адабият!
2025-жылдын август – сентябры

