Кыргызстанда 2025-жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимуму киши башына орточо 8 758,6 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга жогорулаган. Өсүү өлкөнүн бардык аймактарында катталды.
Жашоо минимумунун эң чоң бөлүгүн тамак-ашка кеткен чыгымдар түзөт — 65 пайыз. Тамак-аш эмес товарлар 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр 17 пайызды, салыктар болсо 2 пайызды түздү.
Азык-түлүк себетинин орточо энергетикалык баалуулугу 2101 килокалория болуп, анын курамында 73 грамм белок жана 71 грамм май бар.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимумунун деңгээли төмөнкүдөй:
Эмгекке жарамдуу калк үчүн — 9 818,4 сом;
Пенсионерлер үчүн — 7 760 сом;
Балдар үчүн — 7 413,2 сом.
Ошондой эле, эмгекке жарамдуу калк арасында айырма да байкалууда:
эркектер үчүн жашоо минимуму 10 063,6 сом, ал эми аялдар үчүн 9 766,7 сомду түзгөн.

