2025-жылы Кыргызстанда турак жай баалары рекорддук деңгээлде өскөн. Эл аралык курулушчулар ассоциациясынын өкүлү Кайнарбек Кулуев курулуш тармагынын көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу тегерек столдо сүйлөп жатып, бул көрсөткүчтөрдү билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте турак жай баалары 26%га өскөн, анын ичинде батирлердин баасы 18,5%га жогорулаган. Ош шаарында баалар 25,8%га, Оштогу батирлер болсо 22,8%га көтөрүлгөн.
«Турак жайды сатып алуу жана сатуу боюнча бүтүмдөрдүн саны 9,1%га азайды. Бирок жалпы рыноктун көлөмү акчалай төмөндөгөн жок. Бул көрсөткүч баалардын өсүшү калктын турак жайга жетүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөп, реалдуу сатып алуу жөндөмүнүн түшүп бара жатканын көрсөтөт», — деди Кулуев.
Эксперт баалардын өсүшүнө негизги себептер катары көп кабаттуу курулуш үчүн жердин жетишсиздигин, курулуш материалдарынын жана жумушчу күчүнүн баасынын көтөрүлүшүн, ошондой эле мамлекеттик преференциялар негизинен мамлекеттик долбоорлорго берилгенин атады.
Кайнарбек Кулуев белгилегендей, Кыргызстанда учурда 1 443 курулуш уюму катталган, алардын 99%дан ашыгы чакан жана орто бизнеске таандык.


