19-20-декбарда Японияда Борбор Азия + Япония форматында мамлекет башчыларынын биринчи саммити өтөт. Президент Садыр Жапаровдун да бул саммитке катышаары күтүлүүдө.
C5+1 форматындагы бул саммитке Япония кызуу даярданууда. Буга чейин, тактап айтканда дээрлик жыйырма жыл бою Борбор Азиянын беш мамлекетинин жана Япониянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде консультациялар ыргаалдуу өтүп келген. Эми мамлекет башчсыларынын деңгээлине чыккан биринчи үлкөн жыйын.
Саммиттин алкагында Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити айым Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттеринин ар бири менен өзүнчө жолугат деп болжолдонууда. Премьер-министри Санаэ Такаити Борбор Азия лидерлери менен биринчи жолу бетме-бет жолукканы турат.
Эске салсак, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хирано Президент Садыр Жапаровго ишенним грамотасын тапшыруу аземинде Кыргызстандын лидери Японияны жакын дос жана маанилүү өнөктөш катары эсептээрин билдирип, эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер жыл сайын чыңдалып жатканын белгиледи.
Япония геосаясий кубаттуу күч эмес, бирок технологиялык жактан абдан жогору өнүккөн өлкө, жакшылап кызматташса соода-экономикалык, финансылык өнөктөш болгудай мамлекет. Япония да Борбор Азия менен пайдалуу кызматташууга дилгир жана чамасы жетет.


