КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити биргелешип өткөргөн «Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аталышындагы кереге кеңешке Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Сыягүл Караман да катышты.
Ал өз сөзүндө тилди сактоо – улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган маселе экенин белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө гана колдонулбай, билимдин, илимдин жана техниканын тили болушу керектигин кошумчалады.
“Азыр Гугл тиркесмесин ачып, кайсы бир мамлекет жөнүндө билгиңер келсе, биринчи эле аянты, борбор шаары, 3-пункту – тили деп жазылат. Бул деген анын маанилүүлүгү, баалуулугу. Мен канча тил билсем, ошончо кишимин демекчи, адам баласы орус, англис, ж.б. , компьютер тилин да билиши керек. Кыргыз тили дегенде эч убакта башка тилди карама-каршы койбош керек, деген ойдомун.
Биз ата-бабаларыбыздан ажайып жерин, кылымдарды карытып, тарыхта из калтырып, “Манастай” теңдеши жок улуу эпос-дастанды жараткан кыргыз тилин аманат катары мураска алганбыз. Ошол мурасты кемитпей, бөксөртпөй, көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга жеткирип, өткөрүп берүү азыркылардын, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, миссиясы. Өтмүшүбүзгө тарыхчылыр, келечегибизге – саясатчылар, ал эми азыркыбызга маалымат, маданият жана илим-билим таратуучу, эл агартуучу — биз жооптуубуз.
Тилди сактоо — улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карап, эне тилибизди ыйык туталы”.