Башкы беткеМаанилүүРеспубликалык соттук-медициналык экспертиза борбору оңдоого муктаж

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору оңдоого муктаж

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна иш сапары менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчысы эксперттердин иш шарттары, лабораториялардын иштеши жана мекеменин жалпы инфраструктурасы менен кеңири таанышты. Ал өзгөчө борбордун имаратынын абалына көңүл бурду.

Корпусту кыдырып чыккандан кийин Адылбек Касымалиев имарат моралдык жана техникалык жактан эскирип калганын белгиледи. Анын айтымында, имарат ондогон жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөгөндүктөн учурда канааттандырарлык эмес абалда турат.

Иш сапардын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы кыска мөөнөттө жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле заманбап жабдуулардын тизмесин түзүү керектиги белгиленди. Бул тизмеге:

  • көп ярустуу муздаткыч түзүлмөлөр;
  • ДНК-тест жүргүзүүчү лабораториялык комплекстер;
  • башка заманбап соттук-медициналык жабдуулар кириши керек.

Долбоорго каржылык эсептөөлөр, ошондой эле иштерди биринчи кезектеги жана келечектеги этаптарга бөлгөн иш графиги тиркелиши зарыл экени белгиленди.

 

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар