Башкы беткеМаанилүүМунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингдеги дебютунда жеңишке жетти

Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингдеги дебютунда жеңишке жетти

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттеши ийгиликтүү өтүп, атаандашын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июлда Бишкек шаарында “Достук кечеси” аттуу бокс боюнча эл аралык беттеш болуп өттү. Иш-чара Жапониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Жапониянын, Уганданын жана Филиппиндин мушкерлери катышкан.

Анда Мунарбек Сейитбек уулу Угандадан келген атаандашы мушкер Коннрад Серуен менен беттешкен. Жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышкан.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу — Париж олимп оюндарынын күмүш жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар