Башкы беткеМаанилүүКыргызстандык снайперлер Кытайда өткөн мелдеште 2-орунду ээлешти

Кыргызстандык снайперлер Кытайда өткөн мелдеште 2-орунду ээлешти

УКМКнын 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы “Sharp Blade-2025″ снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-18-июль күндөрү Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында «Sharp Blade-2025» эл аралык снайпердик мелдеши болуп өттү. Мелдешке 25тен ашуун өлкөдөн 55тен ашуун снайпердик команда катышты.

Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыды:
• негизги жогорку тактыктагы снайпердик атуу,
• типтүү тактикалык кырдаалдарда ок атуу,
• комплекстүү күжүрмөн атуу,
• алыскы аралыктан атуу.

Татаал күрөштүн жыйынтыгында КР УКМКнын 9-кызматына караштуу «Калкан» атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи. Команданын катышуучуларынын биринин жеке ийгилиги өзгөчө сыймыктанууну жаратат: 9-кызматтын снайпери Кыргыз атайын күчтөрүнүн кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктоо менен жеке биринчиликте биринчи орунду ээледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар