whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
5.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖарандарга он күндүк акысыз укуктук сабаттуулук окутулат

Жарандарга он күндүк акысыз укуктук сабаттуулук окутулат

Кыргызстанда 2–11-декабрь аралыгында Адам укуктарын коргоо күнүнө арналган он күндүк декада өткөрүлөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы маалымдады.

Иш-чаранын максаты — калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана ар бир жаранга акысыз, квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Декада өлкөнүн бардык аймактарын камтып, атайын консультациялык аянтчаларда юристтер, адвокаттар, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү кеңеш берет.

Ошондой эле юристтер менен адвокаттар жазаларды аткаруу мекемелерине барып, айыпталуучулар жана жазасын өтөп жаткандар үчүн маалыматтык-укуктук түшүндүрмөлөрдү жүргүзүшөт.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтуусунда, ар бир жарандын өз укуктарын билиши — аларды коргоонун негизги шарты.


Декада өтө турган жайлар

Бишкек шаары

  • Биринчи май району — Маевка, Көлмө, Мурас-Ордо конуштары

  • Ленин району — СБ «Берекет Гранд»

  • Свердлов району — Ак-Тилек конушу

  • Октябрь району — СБ «Аламедин Гранд»

Чүй облусу

  • Жайыл району — администрация имараты

  • Сокулук району — администрация имараты

  • Ысык-Ата району — КТБ, Ленин көч., 97

  • Токмок шаары — жаңы КТБ, Султан Ибраимов 1/1

Талас облусу

  • Талас шаары — Кыргыз почтасы

  • Ч.Айтматов району — Кызыл-Адыр айыл өкмөтү

  • Манас району — Семетей айылы, Юстиция үйү

Ысык-Көл облусу

  • Каракол шаары — Нариманов мектеби, 1-кабат

  • Тоң району — администрация имараты

  • Түп району — социалдык фонд башкармалыгы

Нарын облусу

  • Нарын шаары — Айыл банк

  • Жумгал району — Чаек айыл өкмөтү

  • Ак-Талаа району — администрация имараты

  • Кочкор району — КТБ имараты

Ош облусу

  • Ош шаары — КТБ

  • Өзгөн району — борбордук базар, Каприз соода үйүнүн алдында

  • Кара-Суу району — мамлекеттик нотариус, МЭЗ-1

  • Ноокат району — КТБ

  • Кара-Кулжа району — Юстиция үйү

  • Араван району — администрация имараты

  • Алай району — мамлекеттик нотариус алдында

Баткен облусу

  • Баткен шаары — Кыргыз почтасы

  • Кадамжай району — мэрия имараты

  • Лейлек району — мэрия алдында

Жалал-Абад облусу

  • Манас шаары — «Мир» кинотеатры

  • Базар-Коргон району — КТБ

  • Ноокен району — Масы айыл өкмөтү

  • Аксы району — КТБ

  • Кара-Көл шаары — жеке нотариалдык кеңсе

  • Ала-Бука району — Юстиция үйү

  • Чаткал району — КТБ

  • Тогуз-Торо району — КТБ

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар