Башкы беткеСаясат жана коомКоомПрезиденттин Иш башкармалыгынын кирешеси алты айда 6,2 млрд сомдү түздү

Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси алты айда 6,2 млрд сомдү түздү

2025-жылдын 6 айында президенттин Иш башкармалыгынын 6 млрд 200 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бул – өткөн жылга салыштырганда эки эсе көп, ал эми 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 46 эсеге жогору.

Эң башкысы – бул көрсөткүчтөр азырынча жарым жылдык гана. Биздин пансионаттар, санаторийлер, курорттор негизги кирешени жайкы сезондо табат. Жогорудагы эсепке быйылкы сезондун кирешеси толук кире элек. Демек, жыл аягында бул сумма мындан да жогору болот деген чоң ишеним бар», — деп жазды К. Туманбаев.

Ошондой эле ал башкармалыкта быйыл 11 млрд сомдон ашык киреше табуу планы коюлганын белгиледи.

«Бирок азыркы темп менен биздин уюмдар бул планды ашыра аткарат деп ишенем. Мындан тышкары, быйыл биздин башкармалыкка жаңы уюмдар – анын ичинде «Элкат» ЖЧКсы жана башка мекемелер кошулду. Учурдагы 6,2 миллиард сомго алардын түшкөн каражаттары кошулбайт. Алардын кирешесин кошкондо, жылдык жалпы сумма бир нече миллиард сомго көбөйөт деп күтүлүүдө.

Бул ийгиликтин артында – президентибиздин туура саясаты жана багыты, ар бир мекеменин жоопкерчиликтүү иши жана миңдеген кызматкерлердин талыкпас эмгеги турат. Биздин максат бирөө гана – мамлекетибизге, элибизге көбүрөөк пайда алып келүү. Ар бир тапкан сом элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт, жана бул өсүштү токтотпойбуз – алдыда мындан да чоң ийгиликтерди көрсөтөбүз», — деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев акыркы жылдардагы өсүш (6 айлык) тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ага ылайык:

  • 2021-жыл — 133 млн сом;
  • 2022-жыл — 580 млн сом;
  • 2023-жыл — 1 млрд 937 млн сом;
  • 2024-жыл — 2 млрд 876 млн сом;
  • 2025-жыл — 6 млрд 200 млн сомду түзгөн.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар