Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз-катар парламенттери арасында сапарларды уюштуруу макулдашылды

Кыргыз-катар парламенттери арасында сапарларды уюштуруу макулдашылды

Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты.

Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин жана достук топторунун ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларын уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн бардык маселелерди ишке ашыруу максатында тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышканы айтылат.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар