Башкы беткеСаясат жана коомКоомМаданий мурастарды коргоо боюнча лаборатория ачылды

Маданий мурастарды коргоо боюнча лаборатория ачылды

Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын алкагында маданий мурастарды коргоо боюнча биргелешкен лаборатория ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул демилге 2024-жылдын август айында Кытайдын Дунхуань академиясы менен Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясынын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун негизинде ишке ашырылды.

Ачылыш аземде тараптар лабораториянын техникалык камсыздоосу боюнча атайын келишимге кол коюшту.

Кытай тараптан лабораторияга 25 млн сомдук атайын жабдуулар белек катары берилди. Бул жабдуулар Кыргызстандагы тарыхый жана маданий мурастарды изилдөө, калыбына келтирүү жана коргоо иштерин жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар