whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСаякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата эл аралык фестиваль өтөт

Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата эл аралык фестиваль өтөт

28-29-30-майда Бишкекте президенттин колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата дүйнө элдеринин эпосторунун VIII эл аралык фестивалы өтөт.

Маалымат министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын алкагында бир нече мамлекеттерден келген эпостук мурасты изилдеген эпос таануучулар жана окумуштуулар үчүн эл аралык илимий практикалык симпозиум, тармактык маселелерди талкуулаган тегерек стол, жыйындар жана көчмөн элдердин турмуш философиясын кеңири чагылдырууга багытталган “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” каада-салттар, “Саркеч көчмөн” жана алгачкы жолу Сейтек айтуучулар арасында “Сейтекчи” сынактары өтөт.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 2006-жылдан бери уюштурулуп келет. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” улуттук академиясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Арт-араба” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Сынактар боюнча сурап билүү телефону:

+996709210  733
+996 773 601 464

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар