Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматка киришкендеги 100 күнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна багыт алганын билдирди.
Ушул жылдын январь — февраль айында экономиканын өсүү темпи 10,7 пайызды түзгөнүн маалымдады. Баш министр ушул ыргактан жазбоого өкмөттүн ниети бекем, реалдуу пландары бар экенин билдирди. Экономиканын жылдык өсүү темпи 9-10 пайыздан кемитпей аткаруу аркылуу бюджеттин кирешесин арбытып, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө шарт түзүлмөкчү. Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаров демилгелеген улуттук мега долбоорлорду жүзөгө ашыруу Министрлер Кабинетинин башкы милдети экенин баса белгиледи.
“Быйыл ишке бериле турган 128 өнөр жай ишканасынын тизмеги так аныкталды. Кеп ишкана болчу объекттин имаратын гана куруу жөнүндө болуп жаткан жок. Сөз күжүлдөп иштеп, товар чыгара турган өндүрүштүк кубаттуулуктар жөнүндө сөз болуп жатат. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ар биринин жоопкерчилигине конкреттүү инвестициялык долбоор бекитилип берилди. Мен ар бир ишкананы жеке көзөмөлдөп, инвестициялык долбоор толук ишке ашканча көз салып турам”, -деди төрага А. Касымалиев. Ал инвесторлор менен иштөө стилин, ыкмаларын кескин өзгөртүп, ички жана тышкы инвесторду ар тараптан колдоо боюнча жетиштүү аракеттер көрүлө турганын, бардык мамлекеттик органдар, акимден тартып министрге чейинки ар бир кызматкер инвесторго шарт түзүү керектигин өзгөчө белгиледи.