Өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын Бишкекте өтүп жатканы сыймык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) делегациясын кабыл алды. Делегациянын курамында IIHF Кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл жана IIHF Финансы комитетинин мүчөсү Клифтон Роттесли болду.

Жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасы өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкек шаарында өткөрүү Кыргыз Республикасы үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, бул IIHF тарабынан өлкөгө көрсөтүлгөн ишенимдин жана Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөш катары таанылганынын далили экенин айтты.

Адылбек Касымалиев спорттун бириктирүүчү күчүнө токтолуп, улуттук хоккей курамасынын 2022-жылдан бери жетишкен ийгиликтерин белгиледи. Анын айтымында, жаштар курамасы да бул ийгиликтүү жолду улантып, эл аралык ареналарда жакшы жыйынтыктарды көрсөтөт деген ишеним бар.

Ошондой эле мамлекет кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, анын ичинде спорттук инфраструктураны жаңылоого жана спортчуларды даярдоого мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтөрү айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эл аралык хоккейди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Франц Рейндл жана Клифтон Роттесли Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз