Ташкент шаарында «Жер шаарынын сулуусу–2025» эл аралык сулуулук сынагына Өзбекстандын атынан алгач ирет катышкан 21 жаштагы Шахризада Мадаминовага карата сот чечими чыгарылды.
Өзбекстандык басылмалардын маалыматына ылайык, сот Мадаминованы мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамды бузган деп таап, административдик жоопкерчиликке тартты. Буга анын сынак учурунда кийген улуттук стилизацияланган көйнөгүнүн дизайны себеп болгон.
Сынак былтыр 28-октябрда Филиппиндин Манила шаарында өткөн. БУУнун колдоосу алдында уюштурулган бул сынак экологиялык көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылат. Шахризада Мадаминова подиумга Өзбекстандын мамлекеттик туусунун жана гербинин элементтери чагылдырылган көйнөк менен чыккан. Кийин бул сүрөттөр Instagram социалдык тармагына жарыяланып, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган.
Сот отурумунда Мадаминова улуттук кийимди жаратууда мамлекеттик символикадан шыктанганын, бирок көйнөк толук кандуу мамлекеттик символдорду камтыбаганын түшүндүргөн. Анын айтымында, көйнөктө туунун негизги элементтери — ак жарым ай жана он эки жылдыз колдонулган эмес, болгону түстөрдүн айкалышы жана гербдин шарттуу формалары берилген. Ал соттон жумшартуучу жагдайларды эске алууну суранган.
Ташкент шаарындагы Мирабад райондук кылмыш иштери боюнча соттун 2026-жылдын 19-январындагы чечими менен Шахризада Мадаминова Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 203-1-беренесинин 1-бөлүгү («Мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамды бузуу») боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 2 базалык эсептик өлчөмдө — 824 миң сум (болжол менен 69 АКШ доллары) айып пул салынды.
Белгилей кетсек, «Жер шаарынын сулуусу–2025» наамын Чехиядан келген 21 жаштагы модель Натали Пушкинова жеңип алган.

