whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга тигүү өнөр жайынын ишкерлеринен тышкары маркетплейстердин, логистикалык компаниялардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүдөгү учурдагы көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, логистика маселелери, каржылоого жеткиликтүүлүк жана санариптик соода аянтчалары менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров жеңил өнөр жайы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул тармак экономиканы өнүктүрүүдө жана жумуш орундарын түзүүдө маанилүү роль ойной турганын баса көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге, ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана жеңил өнөр жайын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар