Башкы беткеМаанилүүЫсык-Көл эл аралык форумуна даярдык боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Ысык-Көл эл аралык форумуна даярдык боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Бүгүн Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланган уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Белгилей кетсек, биринчи Ысык-Көл эл аралык форуму 1986-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен уюштурулуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген чыгармачыл жана интеллектуалдык инсандардын жолугушуусуна айланган.

Жыйында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев юбилейлик форум гуманизмдин универсалдуу баалуулуктарын илгерилетүүгө, адамзаттын келечегине байланышкан глобалдык чакырыктар боюнча мазмундуу эл аралык диалогду тереңдетүүгө, интеллектуалдык кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк гуманитардык процесстердеги ордун бекемдөөгө багытталышы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы эл аралык талаптарга жооп берген жогорку уюштуруучулук деңгээлде ишке ашырылышы зарыл экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар форумдун жалпы аталышы жана анда көтөрүлө турган темалар учурдагы глобалдык процесстерге шайкеш келиши керектигин белгилеп, бир катар сунуш-пикирлерди ортого салышты.

Жыйын соңунда Мамлекеттик катчы иш-чаранын өтүү мөөнөтү жакындап калганын эске салып, бекитилген планга ылайык туруктуу жана тынымсыз иш алып барууну тапшырды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар