Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте чоң бут кийим фабрикасын ачсам, кыргыз бут кийим брендин чыгарсам деген изги тилеги бар.

Фотодогу бут кийимдер, дүйнөгө белгилүү, чет элдик бренддерге тиешелүү продукциялар эмес. Ал Ош шаарынын тургуну, 35 жаш курактагы Нурсултан Муратов мырзанын колунан чыккан. Моделин сызып, өлчөмүн бычып, тигип дегендей, айтор баарын өзү жасаган. Эң кызыгы Нурсултан Ютуб видео порталынан  орус усталарынын сабактарынан өз алдынча үйрөнгөн. Башында жөн гана кызыгуу менен хобби катары кабыл алса, кийин ушул өнөрдөн толук ача алды десек болот.

Өмүр жолуна серп салсак, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында төрөлүп, ал жакта 9-класска чейин, кийин Бишкекте колледжге окуган. Бир жылдай Орусияда эмгектенип келген. 2014-жылы Ош шаарынан эмгек жолун улантып, бут кийим тигүүнү кесип катары өздөштүрө баштаган. Алгачкы продукцияны жаратууда керектүү товарларды, бут кийимдин калыптарын Москвадан тааныштары аркылуу алдырган. Керектүү материал, кездемелер келген менен, аны тигүүнү баштай алган эмес. Кайрадан өз алдынча окуй баштап, билимин кеңейтет. Бут кийимди дүйнөдө кандай тигет жана кандай моделдери өтүп жатат баарын карап, изденет. Алгач өзүнө чактап Италия моделине салып, тигилиши оор, көп эмгекти талап кылган туфли тигип көрөт. Айтор, устанын тигүүчүлүккө колу көнүп, ар кандай форма жана размердеги бут кийим үлгүлөрүн тигип үйрөнүүгө дээрлик эки жыл убактысы кеткен.

Ошентип, Нурсултандын алгачкы кардарлары атасы, ага-ини, достору болгон. Анын үстүнө өзү дагы колу, күчү даремети толук буюртма алууга жеткиче жалаң жакын адамдарына бут кийим тигип көрүүнү эп көргөн. Ошондой эле бут кийим тигүүчүлөргө барып, алардан да тигүү жолдорун көрүп алчу. Негизгиси, ал ушул тармак аныкы экенин түшүнүп, бул өнөргө биротоло баш коёт. Ар кандай чет элдик компанияларды изилдейт, интернет аркылуу керектүү кездеме, булгаары, терилерди, бут кийимдин таманына керектүү каражаттарды, такаларды, калыптардын баарын ар кайсы өлкөлөрдөн буюртма берип, алдыра баштайт. Мезгил өтүп, кайсы тери же булгаары менен иштөө керек, кайсы материал бут кийимдин таманына жана такага ылайыктуу, кайсы моделди кантип тигүү жеңил болоору сыяктуу жолдордун баарын өздөштүрүп
алат.

Ошентип, тажрыйбасы, өзүнө болгон ишеним артат. Алгач мырзалардын, эки ай өтпөй аялдардын бут кийимин тиккенди үйрөнөт. Кардар каалагандай тигип, жаңы продукция чыгарган сайын, изденүүсүн токтотпой, жаңы моделдерди чыгарууну көздөй  баштайт. Караса, көпчүлүк күн сайын туфли кийе бербейт экен. Жаштардын дээрлик 60-70%ы күнүмдүк жашоодо спорттук бут кийимдерге ыкташаарын анализдейт. Анан спорттук бут кийимдерди изилдеп, алардын моделин чыгарып, сапаттуу кылып жасоону колго алат.

Убакыт өткөн сайын чет элдик сапаттуу бренддер сымал, өз атына ээ болуу максатында, “Таазим” деген аталышта бут кийим фабрикасын уюштурууну көздөйт. Тилекке каршы, Нурсултан мырза бул максатына азырынча жете элек, фабрика болуу үчүн, атайын жай, өңдүрүшкө керектүү технологиялык жабдуулар,  материалдар чоң каражат зарыл. Бирок, бүгүнкү күнү кардарлары көбөйдү, он жыл мурун айына 10 жуп бут кийим тиксе, азыр ар күн сайын дээрлик 8-9га чейин бут кийим өндүрүшөт. Жанына өзүнө окшош, ушул тармакка кызыккан жардамчыларды алган.

“Таазим” бут кийим өндүрүүчү чакан ишканасын 2024-жылы жалпы Кыргызстан тааныгандай болду. Себеби дүйнөлүк олимпиадага катышкан кыргыз спортчуларына ылайыктуу, дүйнөлүк талаптарга дал келүүчү бут кийим тигүү Нурсултан Муратовко буйруду. Ал Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов сыяктуу биздин өлкөнүн намысын коргогон мыкты спортчулар үчүн эң жакшы бут кийимдерди өз колу менен тигип берген. Бул окуя Нурсултанга абдан чоң дем берди. Ал мамлекет ишенип тапшырган чоң жоопкерчиликти баалап, чын дилинен, мыкты делген булгаарыдан эң ыңгайлуу спорттук бут кийимдерди тигип баштаган.

   “Мен башында бул спорттук бут кийимдер, өлкө намысын коргогон спортчуларыбыз үчүн жасалып жатканын билбепмин, орто ылдамдыкта тигип жаткам, кийин буюртмачылар убакыт аз калганын айтып, спортчулар олимпиадага баруусу керектигин билдиришкенде, демиме дем кошулуп, үч күн, үч түн уктабай тынымсыз иштеп, даярдап бергенбиз”, – деп эскерет Нурсултан.

Бул ал үчүн чоң сыймык болгонун, бирок ал бут кийимдер алдын ала спортчулар үчүн экени айтылганда, дагы башкача көз караш, аракет, изденүүлөр менен тигип бермек экенин айтат ал.

Ийгиликтин ачкычы албетте жүрөктөгү бекем каалоодо жана дайымкы аракет, талбаган эмгекте. Күн өткөн сайын Нурсултан мырза өз максатына жакындап барат. Учурда анын командасына үч уста кошулган. Алардын ар биринин өз милдети, өз кызматы бар. Аларды карап, алар менен чогуу өзү баарын көзөмөлдөйт. Негизги милдеттери кардарлар каалагандай буюртмаларды жасап, берген талапка ылайык бут кийимдин түрүн жасоо менен алардын ишеничин актоо. Азыр анын ишин алдыга жылдырган кардарларынын саны күн сайын өсүүдө.

Кардарлар аны көбүнчө социалдык тармактар аркылуу табышат. Бут кийим-ди эки жума мурун буюртма берүү керек. Мындай ийгиликке жете баштаган Нурсултан Муратовдун кардарларынын дээрлик жарымы дайымкы кардарга айланат. Себеби ал ишенимди жоготпоо максатында, булгаарынын мыктысын, бут кийимге керектүү каражаттардын жакшысын тандайт. Россия, Түркия жана Өзбекстандан түз фабрикалар менен иштешип, алардан да жакшы сырьелорду алууга көңүл бөлөт.

Биздин каарман, нөлдөн башталган өнөрдү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылык багыты катары ушул тармакты чын дилден сүйө билүү, өз ишин каражат, акча табуу максатында эмес, жалпы элибиз, кыргыз журтчулугу өзүбүздөн чыккан сапаттуу жана ыңгайлуу бут кийимдерди кийип жүрүүсүн каалаганында экенин баса белгелейт. Ошон үчүн, өндүрүшүнүн атын да, кардарларына таазим этем дегендей ой менен “Таазим” атаган.

Ушундай өзгөчө өнөрдү аркалап, канчалаган жарандардын каалоосун орундатып, аларга мыкты бут кийим тартуулаган Нурсултан Муратовго биз дагы таазим дегибиз келет.

 

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз