Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекке 18 электробус келди

Бишкекке 18 электробус келди

Кытайдын «Anhui Ankai Automobile Company» компаниясы менен келишимдин негизинде Бишкекке 18 электробус келди. Бул тууралуу муниципалитеттин социалдык тармагында маалымдалды.

«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Бишкекке жалпысынан 120 электробус келет. Мындан тышкары, эки автобазада реконструкциялоо иштери аяктап, электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 31-майда борбор калаага 3 электробус, апрель айында 2 электробус келген. Ошентип, Бишкекке жалпы 23 электробус келди.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар