Конституциялык сотко президент Садыр Жапаров сунуштаган өлүм жазасын кайра киргизүү жөнүндө демилге расмий түрдө келип түшкөнүн сот органдары билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар жана зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн өзгөчө жаза чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Конституциялык сотко берилген материалдарда бул демилге акыркы жылдары балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын көбөйүшү менен негизделери көрсөтүлгөн. Демилгенин максаты — жарандардын, айрыкча балдар менен аялдардын, конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүү.
Ошондой эле документте, эгер сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелери боюнча маселелер кийинки укуктук жана зарыл жол-жоболордун алкагында караларын белгилеген.
Учурда Конституциялык сот бул маселе боюнча бүтүмдү качан чыгарарын так айта элек.


