Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу жалпы 65 бала бакча убактылуу жабылды. Бул тууралуу 2-декабрда өткөн эпидемиологиялык абалды талкуулаган ыкчам штабдын жыйынында маалымдалды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ош облусунда беш мектеп онлайн окуу форматына өттү.
Ведомство жетекчилерине санитардык талаптарды күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, райондук администрациялар, тиешелүү министрликтер жана мекемелер эскертилди. Ири соода борборлорунда, маданий жана билим берүү мекемелеринде профилактикалык чаралар күчөтүлмөкчү.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динара Оторбаеванын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал көзөмөлдө турат.
Белгилүү болгондой, өткөн жумада сасык тумоо жана РВИ учурлары 2,5 эсеге көбөйгөн.

