Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Пакистандын авиация жана космос тармагындагы инновациялары менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Пакистандын авиация жана космос тармагындагы инновациялары менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркына (NASTP) барып, аскердик жана технологиялык өнүктүрүүлөр менен таанышты.

NASTP — авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук багыттарындагы изилдөө жана инновацияларды бириктирген заманбап платформа.

Мамлекет башчысына авиациялык техника, радиолокациялык жана байланыш системалары, симуляторлор, жасалма интеллект жана космос өнөр жайына тиешелүү экспозициялар көрсөтүлдү. Президент ошондой эле Кытай–Пакистан биргеликте өндүргөн JF-17 Thunder көп максаттуу учагы менен деталдаштырылган таанышуу жүргүздү, учкуч кабинасына кирип, адистерден техникалык маалымат алды.

Сапардын жүрүшүндө PAC MFI-17 Mushshak окуу-машыгуучу учагы жана тик учактын заманбап окуу симулятору да көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров Пакистандын жогорку технологиялык иштеп чыгууларына оң баасын берип, инновация жана технология жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар