Башкы беткеМаанилүүКыргызстан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салды

Кыргызстан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салды

Министрлер Кабинети өлкөдөн көмүрдү экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тийиштүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечимге ылайык, ЕАЭБдин 2701 жана 2702 товардык коддоруна кирген көмүрдү автомобиль транспорту менен сыртка чыгарууга тыюу салынат. Тыюу “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрмө пункттарына колдонулбайт.

Токтомду ишке ашыруу үчүн Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Бажы кызматына жана Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар