Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨкмөт эмгек жана эрдик үчүн мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды

Өкмөт эмгек жана эрдик үчүн мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды

2-июнда Президенттин администрациясында Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аскердик жана кызматтык милдеттерди аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогон чек ара аскерлерине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.


«Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар — мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси», — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандар да Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ар түрдүү кесип ээлеринин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана берилгендиги белгиленди.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар