Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖогорку Кеңешке шашылыш мыйзам долбоорлору жөнөтүлөт

Жогорку Кеңешке шашылыш мыйзам долбоорлору жөнөтүлөт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңешке шашылыш мыйзам долбоорлорунун пакети жөнөтүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, алар парламенттин учурдагы сессиясы аяктаганга чейин каралышы керек.

«Биз президенттик көпчүлүк бул мыйзам долбоорлорун колдой турганын билебиз, аны кийинкиге калтырууга болбойт», — деди Байсалов.

Ал кошумчалагандай, бул мыйзамдар президент Садыр Жапаров баштаган реформалардын ыргагын сактоо үчүн маанилүү.

Ошондой эле Эдил Байсалов Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбой тургандыгын айтты.

Анын айтымында, учурдагы парламент президент Садыр Жапаровдун белгилеген багытын жана реформалардын ыргагын колдойт.

«Учурдагы көпчүлүк депутаттарга ыраазыбыз. Президент Садыр Жапаров белгилеген багытты, эң негизгиси реформалардын темпин колдойт. Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин мыйзам чыгаруучулар менен көйгөйү жок. Үчүнчү тараптардын арабызга от салууга, пикир келишпестикке алып келүүгө, кандайдыр бир баш аламандыкка салууга аракеттер болуп жатат», — деп билдирди Байсалов.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар