Башкы беткеСаясат жана коомКоомКөчмөндөр оюндары: уюштуруу комитети даярдыктарды талкуулады

Көчмөндөр оюндары: уюштуруу комитети даярдыктарды талкуулады

Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү
жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму Президенттин администрациясында болуп өттү.

Маалыматка ылайык, жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышты.
Негизги уюштуруу маселелери: оюндарды өткөрүүнүн так күнүн аныктоо, жайгашкан жерлерди тандоо, ошондой эле маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу талкууланды. Негизги иш-чаралар Бишкекте жана Ысык-Көлдө өтөрү айтылды.

Отурумдун жүрүшүндө иш-чаранын мазмундуу бөлүгүнө, уюмдун жогорку деңгээлин камсыздоо үчүн инновациялык чечимдерди жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, инфраструктуралык даярдык, транспорттук логистика, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо, маалыматтык коштоо, эл аралык кызматташуу жана волонтерлорду тартуу маселелери каралды.

Жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга бюджетти түзүү жана оюндарды эл аралык аренада илгерилетүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар