Башкы беткеСаясат жана коомКоомМинистр нааразы пикирлерден улам Бишкек—Кант—Токмок унаа жолун күтүүсүз текшерди

Министр нааразы пикирлерден улам Бишкек—Кант—Токмок унаа жолун күтүүсүз текшерди

2-июнда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек—Кант—Токмок унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштерин күтүүсүз текшерип барды.

Маалыматка ылайык, министр курулуш иштеринин сапатын, мөөнөтүн жана калктын даттанууларын жеке көзөмөлгө алуу үчүн ишти көзөмөлдөгөн.

Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, оңдоо иштерине байланыштуу жарандардан көптөгөн нааразы пикирлер келип түшкөнүн белгилеп, графиктен кечигүү болбошу керектигин талап кылды.

Ошондой эле Абсаттар Сыргабаев июндун ортосуна чейин асфальттын биринчи катмарын төшөөнү тапшырды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкек—Кант—Токмок унаа жолунун 5+200-9+050 чакырымдар аралыгында (Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгү) асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.

Алдыда аталган унаа жолу этап-этабы менен оңдолору маалымдалды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар