whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКытай менен Борбор Азиянын медиа кызматташтыгы бекемделет

Кытай менен Борбор Азиянын медиа кызматташтыгы бекемделет

Казакстандын Астана шаарында Кытай менен Борбор Азиянын медиа кызматташтыгын чыңдоого багытталган форум өтүүдө. Иш-чарага «Кыргыз Туусу» гезитинин Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Султанбек Аманбек уулу жана сайт-редактору Айгерим Качкынбекова катышууда. 

   

Иш-чарага Казакстан Президентинин жардамчысы Арман Кырыкбаев, Казакстан Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары Канат Искаков, “Синьхуа” маалымат агенттигинин башкы директору Фу Хуа, Кытай Элдик дипломатия Ассоциациясынын төрагасынын орун басары Цю Сяоци жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү, алдыңкы медиа уюмдардын жетекчилери жана тажрыйбалуу журналисттер катышууда.

Форумда “Синьхуа” маалымат агенттигинин башкы директору Фу Хуа “Кытай – Борбор Азия рухун жайылтуу” аналитикалык баяндамасын жасады. Анда аймактык кызматташуунун жетишкендиктери жана келечеги талданган.

Муну менен катар форумдун жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар талкууланууда:

“Жибек жолу” боюнча медиа кызматташтыкты тереңдетүү жана эл аралык коммуникациянын жаңы стандарттарын кеңейтүү;
Маданий мурастарды коргоо боюнча кеңешмелерди өткөрүү жана “Жибек жолунун” цивилизациясы тууралуу жаңы баракты биргелешип улантуу;
“Жашыл Жибек жолун” биргелешип курууну колдоо жана энергетикалык коопсуздуктун жаңы багыттарын чагылдыруу;
Евразия мейкиндигиндеги өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана синергетикалык өнүгүүнүн жаңы моделин түзүү.

Иш-чараны Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги жана Казакстан Республикасынын Президенттик телерадиокомплекси биргелешип уюштурган.

Форумдун темасы — “ММКлардын интеграциясы жана Кытай менен Борбор Азиянын кызматташуусунда жаңы барак ачуу үчүн акыл-парасатты бириктирүү” — деп аталып, эки тараптуу мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар