Башкы беткеСаясат жана коомКоом4 миң кыргызстандык жаран Орусиянын "кара тизмесинен" чыкты

4 миң кыргызстандык жаран Орусиянын «кара тизмесинен» чыкты

2025-жылдын башынан тарта Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн коюлган талаптардын алкагында, 4 миңге жакын кыргыз жараны «кара тизмеден» чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу «Биринчи радионун» түз эфиринде маалымдады.

Анын айтымында, дагы 36 миң кыргызстандык дактилоскопиядан өтүп, Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн зарыл кадамдарды жасап жатышат. Бул жараян алардын «кара тизмеге» кирүү тобокелдигин азайтат.

Россия бийлиги 2025-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга өз укуктук макамын иретке келтирүүгө же өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бул үчүн мигранттар дактилоскопия, медициналык кароо, банктык карыздарды төлөө, расмий келишим түзүү жана миграциялык каттоого туруу сыяктуу талаптарды аткаруусу керек.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул талаптар аткарылбаса, жарандар атайын көзөмөлдө турган адамдардын тизмесине кирип, банк кызматтарынан, кыймылсыз мүлк каттоодон жана башка бир катар укуктардан ажырашы мүмкүн.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар