Франция, Италия жана Чехия АКШдан Украина үчүн курал сатып алууга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Politico жана La Stampa басылмалары өкмөттөгү булактарга таянып жазышты.
Париж бюджет тартыштыгы жана 94 млрд евро дефицитке байланыштуу коргонуу чыгымдарын көбөйтө албай жатканы айтылат. Мындан тышкары, президент Макрон Европа өзүнүн аскердик өнөр жайын өнүктүрүүгө артыкчылык бериш керек деген позицияда. Ал жакында коргонуу бюджетин 2027-жылга чейин 64 млрд еврого чейин жогорулата турганын жарыялаган.
Италия да бул демилгени колдобой турганын билдирди. Өлкө мурунтан эле Украинага Samp-T системасын берген жана АКШ технологияларына көз каранды болууну каалабайт. «Америка куралын сатып алуу эч качан талкууланган эмес», — дешти италиялык расмийлер.
Мындан мурдараак Чехия да дал ушундай чечим кабыл алган. Алар Украинага ок-дарылар менен жардам берүүнү артык көрүшүүдө.

