🎤Керим Айдаров:
– Саясий элита кайрадан калыптанышы үчүн билим берүү саясаты башкача көз карашта болушу керек экен. Сиз айткандай, бизде башка мамлекеттин көз карашы менен жашаган университеттер бар. Ал жерде окугандардын бардыгы ошол мамлекетти сүйүп окуп жатышат. Демек, ошол мамлекеттин идеологиясы күчтүү болуп жатат. Алар келип кыргызга элита болоюн десе, алардын жан дүйнөсү башка өлкөнүн маданиятына сугарылып калган. Алар ошол мамлекеттин, ошол элдин маданиятын бизге таңуулаганга аракет кылышат. Ошону үчүн мамлекеттүүлүктүн формасында билим берүүдө улуттук баалуулукту өнүктүрүүчү багыт болушу керек деп ойлойм?
🎤Эмилбек Каптагаев:
– Азыр билим берүүдө стандарт бекитип жатышпайбы? Университеттердин менчигинин түрүнө карабай, улуттук баалуулуктар, улуттук дух, рухту калыптандыруучу нерселерди ушулар түзөт деп программа бекитип берип, аны көзөмөлдөш керек. Ошол стандарттын ичинде кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин тарыхы, адабияты, маданияты дегендин баары кириш керек. Билим берүү министрлиги же өкмөт стандартты бекитип жатканда, аны жакшы иштеп чыгып туруп, мектепке, ЖОЖго бериш керек. Анан ошол стандартка ылайык, окуу куралдары, мугалимдер даярдалып иш жүрсө, анан улуттук баалуулукка үрөн себилет.
🎤Керим Айдаров:
– Бүгүн дүйнөдө өз мамлекетин сактап калыш үчүн, ар бир улут өз өлкөсүн сүйүп, барктап, баалап жашап жатат. Аларда идеология күч. Биз дагы, “мен кыргызмын, менин мекеним Кыргызстан” – деп жашашыбыз керек. Кайсы улут болбосун, Кыргызстанда жашап жаткан соң, мекенди сыйлоосу жана анын мыйзамдарына баш ийүүсү керек- деген акыл эсти биз туюндурушубуз абзел. Дегеним, Кыргызстанда жашаган бардык жаран, “Менин Кыргыз мамлекетим” деген көкүрөк каккан сезим менен жашаш керек.
🎤Айдар Жоробеков:
– Туруктуу өнүккөн экономика, анын үстүнө туура иштеген мыйзамдар болсо, элита өзү жаралат. Мисалы, Американы алалы. Аларда эч качан илимде, маданиятта эмгек сиңирген ишмер деген наам бербейт. Ал жакта бардыгы коомдук уюмдардын колунда. Эмилбек агай, сиз азыр стандарт жөнүндө айтып кеттиңиз, мен ага кошулам, стандарт болушу керек. Бирок, ошол эле Японияда стандарт деген түшүнүк жок, бирок, аларда жарандуулук бар. Алар баарын өздөрү окушат. Биз дагы ошого жеткиришибиз керек.
🎤Асел Керимбаева:
– Бизде көптөгөн билимдүү жаштар четке чыгып кеткен. Алар өлкөгө кайтып келгиси келет, бирок, саясий туруксуздуктан улам келишпейт. Элитаны түзүү үчүн баарыбыз ишти колго алышыбыз зарыл. Билим берүү менен бирге эле улуттук баалуулуктарды, мекенди сүйүүнү үйрөтүшүбүз керек.
🎤Чынара Эсенгул:
– Биз Японияны иликтегенбиз, ал жерде 99 пайыз титулдук улут жашайт. Алар аралча болгондуктан убагында ал жакка эч ким таасир эте алган эмес. Биз болсо континенттин ортосундабыз, бизге төрт тарабыбыздан ар кайсы улуттун маданияты кирип келген.
Америкада болсо, америкалык деген этноско тиешеси жок. Аларга Европадан жана башка жактан көп көчүп келишкендиктен, алар “мен америкалыкмын”- деп эле жашашат. Бул эки башка модел да, биз кыргыз жараны концепциясынын үстүнөн иштеп жатканда кантип ушул эки башка моделди Кыргызстанда айкалыштырып кетебиз деген суроо болгон. Тарыхка көз салсак, Европа мамлекеттеринде улуттук мамлекет деген концепт пайда болгондо өздөрүнүн тилин, маданиятын сактап калышыптыр.
Биз титулдук улут болгон үчүн кыргыз тилин, маданиятын, каада-салтын сактап турабыз. Ошол эле учурда исламдашуу, ааламдашуу, санариптешүү болуп жатат. Балдарыбыздын тили эмнеге кыргызча чыкпайт дейбиз, ошол эле учурда балдарыбыз башка тилде мультфильмдерди көрүп жатканын көзөмөлдөбөйбүз. Ааламдашуу доорунда жашап жатсак дагы, канткенде кыргыз улутун көтөрөбүз, ошол эле учурда өлкөдөгү башка улуттарды кантип кыргыз жараны кылабыз деп ойлонолу.
Кыргызстан улуттар аралык чыр-чатактардын мамлекети деп чоң- чоң уюмдардын тизмесине түшүп калдык. Мамлекет башка улуттарга кандай саясат алып барат экен деп, алар бизге көз салып турушат. Биз улутчулдукка өтүп кетсек, анда аны сырткы күчтөр колдонуп кетет. Анын кесепетинен кайра эле кыргыздар алсызданат. Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды сактап калуу менен бирге башка улуттардын дагы каада-салтын сыйлашыбыз керек.
🎤Эмилбек Каптагаев:
– Биз 7-8 жыл 5 мамлекетти изилдеп чыгып, көптөгөн сунуштарды өкмөткө бергенбиз. Япониянын өсүп кеткенинин бирден бир себеби, өзүлөрүнүн маданиятына басым жасагандан болгон. Жөнөкөй эле айтканда жумуштан кийин калып, жумуш күндү талкуулап, кандай кемчиликтер кеткенин аныктап, аны оңдоп анан кетишет. Өздөрүнүн улуттук баалулуктарына абдан көңүл бурушат.
🎤Айдар Жоробеков:
– Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен этникалык саясатыбызды туура жүргүзүшүбүз керек. Бүт улуттар жаратуучу анан көчүрүүчү болуп экиге бөлүнөт. Биз көчүрүүчү болуп келгенбиз, президентибиздин колдоосу менен IT тармагына көңүл бурулуп жатат. Балким келечекте биз дагы жаратуучу өлкөгө кирип калаттырбыз.
Биздин балдардын акылы көп нерсени кабыл албай калды. Толук метраждуу кинону ары кой, 15 мүнөттүк видеолорду көрбөй калышты. Бизде азыр жаштар бай болгусу келет, бирок, иштегиси келбейт. Кооз жашагысы келет, бирок, изденгиси келбейт. Ошондон улам бизде алдамчылар көбөйгөн. Анткени, баары эле жеңил акча табууга көнүп калышты.
🎤Чынара Эсенгул:
– Япония жаштарын сыртка билим алууга жиберип, сырттан алган билимин өлкөгө пайдаланат. Андай бизде деле бар, биздин чет өлкөдөн билим алган жаштарыбыз өлкөгө келишет. Бирок, жумушка татыктуу шарт, айлык акынын жоктугу аларды кайрадан сыртка чыгып кетүүгө түртүп жатат.
Коңшу Казакстан, Өзбекстанда сыртта жүргөн жаштарын президенттин колдоосу менен чакырып жатышат. Бизде дагы жаштарга татыктуу маяна төлөп берилсе алар деле өлкөдө иштөөгө кызыктар.
🎤Айдар Жоробеков:
– Элита ачык жана жабык деп бөлүнөт. Жабык элиталар авторитардык, тоталитардык, монархиялык мамлекеттерде бар. Аларга башка эч ким келип кошула албайт, ханзадалардын, хандардын же диктаторлордун ичиндеги номенклатурасы эле элита болуп жүрө берет. Ачык элита биздегидей демократиялык мамлекеттерде болот. Мамлекет өнүгүш үчүн ачык элита, эркин ой жүгүртүү, билим жана тарбия керек.
🎤Керим Айдаров:
– Бүгүн биз мамлекетибиздин келечеги үчүн, кыргыздын наркын, каада салтын сактап калыш үчүн өзүбүзгө келишибиз керек. Кыргыз коомун жакшы жакка ээрчите алчу билимдүү, акылдуу, тарбиялуу элита да болушу керек экен. Бүгүн Европанын бир топ мамлекеттери, улуттук баалуулуктарын кайра жандандыруу максатында президенттери жарлык чыгарышып, мыйзам кабыл алышып, аракеттерин көрүшүүдө. Буюрса, бизде да ошондой аракеттер бар. “Кыргыз жараны”, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу концепцияларынын негизинде көп жакшы иштерди жасасак
болот.
Урматтуу коноктор, келип, ой бөлүшүп бергениңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Үйүбүздө тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү болсун!
Р.S. Ушул сыяктуу талкуулар, изденүүлөр дагы уланат. “Кыргыз Туусу” гезити уюштурган талкуулардын жыйынтыгын талдап, негиздүү сунуштардын топтомун тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштайбыз.