whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Криминалды жоюу – жаңы элитаны түзүүгө жакшы шарт"

«Криминалды жоюу – жаңы элитаны түзүүгө жакшы шарт»

Криминалды жоюу – жаңы элитаны түзүүгө жакшы шарт. Мындай пикирин Кыргыз-Швед математика мектебинин жетекчиси Айдар Жоробеков «Кыргыз Туусу» гезити уюштурган кереге кеңеште билдирди.

«Элитанын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул сабаттуулук. Элита деген эмнени түшүндүрөт, мааниси кандай дегенди тактап алышыбыз керек. Элитаны акыркы кезде саясий башкаруу аспектисинен карап, элдер ошентип түшүнөт. Анткени бул тандалма, сабаттуу адамдар. Албетте, бардык эл элита боло албайт. Анткени, элитанын өзгөчөлүктөрүнүн бири субъективдүүлүк. Ар бир тармактын өзүнүн элитасы бар деп ойлойбуз, бирок, ал туура эмес. Карап көрсөк, агрардык элита деп эч ким айтпайт. Транспорттук элита деп эч ким айтпайт. Классификациясын карап келгенде саясий, маданий, илимий жана аскердик элита болот. Элитаны кантип жаратышыбыз керек деген жакшы суроо берилди. Мамлекеттин жетекчилеринин чечкиндүү кадамдары менен криминалга каршы күрөш катуу жүрүүдө. Бул жаңы элитаны түзүүгө жакшы шарт болуп берет. Мисалы, Ысык-Көл мурда билимдин алтын бешиги болсо, кийин эмнегедир криминалдын “алтын бешигине” айланды эле. Азыр акырындан кайра туура жолго кайтып келатабыз.

Артка кылчайып карасак, элитага атаандаш бул контрэлита болгон. Азыркы тил менен айтканда оппозиция. Алар элитанын жүргүзүп жаткан саясатына макул эмес, ошол эле учурда өздөрүнүн көз карашы бар, учуру келгенде элитанын ордун басышкан.

Азыр элита жок дегенге мен кошула албайм, бирок, ал канчалык тараган, аны карапайым эл элита деп тааныйбы ошол негизгиси. Совет доорунда идеология негизги күч эле, чабандарды, айыл чарба жаатында иштегендерди элита деп билет болчубуз. Азыр башкача көз караш. Менин оюмча “Мен элитанын өкүлүмүн” – деп эч качан айтпаш керек. Аны калың катмар таанышы абзел», — деди Жоробеков.

Тактап кетсек, жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезити маданий-интеллектуалдык окуялардын чордонунда болуу, өлкөнүн өнүгүшүнө позитивдүү салым кошуу жана “Ынтымак Ордонун” социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган жаратман саясатын маалыматтык коштоо, идеологиялык жактан камсыздоо максатындагы иш-чараларды түрдүү форматта өткөрө баштады.

“Кыргызстанда элита барбы? Же улуттук элитаны кантип калыптандырабыз?” аталышындагы кереге кеңешке коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев,  политология илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгул, “Нандан” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Асел Керимбаева жана Кыргыз-Швед математика мектебинин жетекчиси Айдар Жоробеков катышты. “Кереге кеңешти” башкы редактордун орун басары Керим Айдаров алып барды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар