Башкы беткеСаясат жана коомКоомБалдар үчүн ишеним телефонуна 26 миңден ашуун чалуу түшкөн. Себептери

Балдар үчүн ишеним телефонуна 26 миңден ашуун чалуу түшкөн. Себептери

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (111) Балдар үчүн ишеним телефонуна 26 996 чалуу түшкөн. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнүгө орточо 178 кайрылуу, айына 5 399дан ашуун чалуу деенди билдирет.

Жалпы кайрылуулардын ичинен 932 чалуу жардам жана кеңеш сурагандардан болгон:

  • балдар – 378 чалуу (40,6%);
  • чоң адамдар – 554 чалуу (59,4%).

Чалуулардын арасынан кыз балдар басымдуу болду. Ошондой эле кеңеш алуу үчүн эркектерге караганда аялдар көп кайрылышты. 932 чалуунун ичинен:

  • эркектер – 175 (18,8%);
  • аялдар – 379 (40,6%);
  • эркек балдар – 106 (11,4%);
  • кыз балдар – 272 (29,2%)

Аймактар боюнча алганда, эң көп чалуу Бишкек шаарынан түшкөн – 207 чалуу (22,2%), андан кийин Чүй облусу – 84 чалуу (9%), үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу – 51 чалуу (5,5%). Эң аз кайрылуу Талас облусунан – болгону 15 чалуу (1,6%).

Социалдык жардам, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата зомбулук , балдардын тарбиясы жана жүрүм-туруму, мектеп рэкетчилиги ж.б.у.с маселелер менен кайрылышкан.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар