whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКылмыш-жаза кодексине толуктоолор киргизилди

Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары – КЖК) жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 Мыйзамынын ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле “Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомун ишке ашыруу болуп саналат.

Ошентип, Мыйзам менен КЖКны төмөнкү ченемдер менен толуктоо каралган:

—          баланы күчтүү таасир этүүчү заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонууга тартуу үчүн жоопкерчиликти бекитүү (181-берене);

—         телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (287-берененин 2-бөлүгү).

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар