whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОрбан: "Орустар күчтөн башка эч нерсени түшүнүшпөйт"

Орбан: «Орустар күчтөн башка эч нерсени түшүнүшпөйт»

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Франциянын LCI телеканалына берген маегинде Украина, Орусия жана Европа коопсуздугуна байланыштуу бир катар маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

Европада Орусияга жакын позициясы менен таанылган Орбан бул жолу күтүүсүз билдирүү жасап, Орусиянын Украинадагы аракеттерине сын айткан.

«Орустар НАТОго кол сала албайт. Алар жада калса Украинаны да жеңе албай жатышат», — деди ал.

Орбандын айтымында, Украина өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоого укуктуу жана бул багытта баатырдык менен аракеттенип жатат. Ал ошондой эле:

«Орустар күчтөн башка эч нерсени түшүнүшпөйт, ошондуктан Европа да күчтүү болушу керек», — деп билдирди.

Ошол эле маалда Орбан Украинанын Европа Биримдигине жана НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгүнө каршы экенин билдирди. Анын пикиринде, бул кадамдар согуштук чыңалууну ого бетер күчөтүшү мүмкүн.

Мындан сырткары, ал Орусияга каршы киргизилген санкциялар Евробиримдиктин өзүнө зыян келтирип жатканын айтып, аларды кайра карап чыгууга чакырды.

Орбандын бул маеги Европада ар кыл реакция жаратты. Айрым байкоочулар анын коопсуздук жаатындагы позициясында өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгилешет.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар