Кыргызстандын окумуштуулары Монголияга илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп жатышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Баян-Өлгий жана Увс райондоруна кыргыздарга арналган илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн барган жумушчу топ менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, Монголияга экспедиция кыргыздардын жана тектеш кыргыз этникалык топторунун тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын изилдөөгө арналган. Ал бийлик тарабынан биринчи жолу уюштурулуп, Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды жандандырууга, ошондой эле жок болуп кетүү коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактоого багытталган.
Мындан тышкары, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча илимий басылма чыгып, документалдык фильм даярдалары айтылды.

