whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИрандын тышкы иштер министри Москвага расмий сапар менен барды

Ирандын тышкы иштер министри Москвага расмий сапар менен барды

23-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.

Аракчи Ирандын мамлекеттик телеканалына курган маегинде: «Азыркы кооптуу кырдаалда Орусия менен кеңешкенибиз чоң мааниге ээ», — деди.

Ирандын тышкы иштер министри өзөктүк объектилерге жасалган АКШнын чабуулун айыптаганы үчүн Москвага ыраазычылык билдирди.

«АКШнын чабуулу бул агрессия, аны сөзсүз түрдө айыптоо керек», — деп билдирди Аракчи.

Ирандын тышкы иштер министринин орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда Орусия менен Иран үчүн орток болгон коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу маселеси талкууланары айтылды.

Орусия АКШга Иран менен сүйлөшүүлөргө ортомчулугун, анын байытылган уранын өзүндө сактоону бир нече жолу сунуш кылган. Европа Биримдиги Орусия Украинага каршы согушунда Иран менен тыгыз кызматташып жатканы үчүн бул маселеде бейтарап медиатор боло албай турганын айтып, каршылыгын билдирген.

21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урган. Иран бийлиги АКШнын мындай “негизсиз жана алдын ала пландалган агрессиялык аракеттерин” катуу айыптарын билдирип, БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын “кооптуу эскалация” деп баалаган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар