Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыСирия бийлиги чиркөөдөгү жардырууга "Ислам мамлекети" уюмун айыптады

Сирия бийлиги чиркөөдөгү жардырууга «Ислам мамлекети» уюмун айыптады

Сириянын борбору Дамаскта грек-католик чиркөөсүндө базар күнү жанкечти өзүн жардырып, 20дай киши мерт болуп, ондогон киши жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып жазды.

Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги берген маалыматка ылайык, бийлик чабуул үчүн көпчүлүк мамлекеттерде террордук деп табылган “Ислам мамлекети” уюмун айыптады.

Ошондой эле САНА агенттиги чиркөө тосмолонуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын жазды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар